Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-февралы № 28
Миң-Куш айыл аймагындагы балдар бакчасындагы ата-энелердин төлөмү жана бир күндүк тамак баасын көтөрүү жөнүндө
Сессияда балдар бакчасына барган балдардын ата-энелеринин төлөмдөрүн 300-00 сом өлчөмүндө калтыруусу жөнүндө кайрылуусу талкууга алынып жана бир күндүк тамак баасына ата-энелердин төлөмүнөн 6-00 сом кошулуп 30 сомду түзүшү жөнүндө Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балдар бакчасына барган бир бала үчүн ата-энелеринин бир айлык төлөмү 300-00 сом боюнча калтырылсын.
2. Балдар бакчасына барган бир баланын бир күндүк тамак баасына ата-энелердин төлөмүнөн 6-00 сом кошулуп тамак баасы 300-00 сомду түзсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kgвеб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Н.Солобаевага тапшырылсын.
Төрайым
| Ж.Б. Шералиева
|