Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 6-февралы № 29
Миң-Куш айыл аймагындагы жогорку ченемдеги радиация көрсөткөн үйлөргө чара көрүү жөнүндө
Миң-Куш айылындагы жогорку ченемдеги радиация көрсөткөн үйлөргө чара көрүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайра кайрылуу жазуу, иш–аракеттерди иш жүзүнө ашыруу жөнүндө маселе талкууга алынып Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Куш айылындагы жогорку ченемдеги радиация көрсөткөн үйлөргө чара көрүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайра кайрылуу кат жазуу, иш – аракеттерди иш жүзүнө ашыруу депутат К.Алманбетовго милдеттендирилет.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн-башчысы К.Болотбековго жүктөлсүн.
Төрайым
| Ж.Б. Шералиева
|