Редакцияот 13.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышы) кезектеги 14 –сессиясы

 

2014-жылдын 13-марты № 31

      

Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

     Миң-Куш айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнундө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

    1. Миң-Куш айылдык Кеңешинин токтомдору, чечимдери жана иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.

     2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

     3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  Миң-Куш айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн  жоопту  катчысынын  милдетин аткаруучу  С.Мекишовго  жүктөлсүн.

 

Төрайым

 

Ж.Б. Шералиева