Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-марты № 32
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25-март 2010-жылдагы №184 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук нормативдик актыларын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө» токтомунун негизинде Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Куш айылдык Кеңешинин токтомдорун юстиция министрлигиндеги мамлекеттик реестерден каттодон өткөрүү Миң-Куш айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн жоопту катчысына милдеттендирилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Болотбековго жүктөлсүн.
Төрайым
| Ж.Б. Шералиева
|