Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-февралы № 1
Кызыл- Жылдыз айыл округунун чегиндеги «Доңуз» участогунан «Бурана Плюс» жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн убактылуу пайдаланууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча талкуулап Кызыл - Жылдыз айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13, 60, 61 беренелиринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12. 04. 2006 - жылдагы № 261, Кыргыз Республикасынын токтому менен бекитилген «Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү жөнүндө» жобосунун жана Кыргыз Республикасынын 9.08.2012-ж. № 160, К.Р. 24.05.2014-ж. № 77 мыйзамынын гл. 5, ст. 39 негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл- Жылдыз айыл округунун чегиндеги «Доңуз» участогунан «Бурана-Плюс» жоопкерчилиги чектелген коомуна геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекттик агенттигинин 26.10.2011-жылдагы 3057- СР геологиялык изилдөөгө берилген лицензиянын жана № 1 лицензиялык макулдашуунун негизинде 149 га жер участогу төмөндөгү бурчтук точка координаттарынын чегинде геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн 31 . 12 . 2015 - жылга чейин убактылуу пайдаланууга жер участогу бөлүнүп берилсин.
№№ точек | Х | Ү | №№ точек | Х | Ү |
1 | 4617290 | 13470620 | 4 | 4618600 | 13472840 |
2 | 4617680 | 13470470 | 5 | 4617220 | 13471120 |
3 | 4618580 | 13471570 |
|
|
|
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб - сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы Кызыл-Жылдыз айыл округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Кызыл-Жылдыз жайыт комитетинин төрагасы Д. Омүрзаковго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл - Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрайым
| Г. Калмаматова
|