Редакцияот 16.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин кезектеги 12-сессиясы

 

2015-жылдын 16-февралы № 2

      

                  Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын жылдык отчету  жөнүндө

     Кызыл-Жылдыз  айыл   аймагынын  айыл  өкмөтүнүн   башчысы Б.Кыдырмаевдин  жылдык  отчетун  угуп  жана  талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши  

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

1.   Айыл   өкмөт  башчысы Б. Кыдырмаевдин  2014-жыл  жыйынтыгы боюнча, жыл  ичинде  аткарган  ишмердүүлүгү  жактырылсын  жана  канааттандырарлык деп   табылсын.

2 .   Ушул токтом  айыл  өкмөтүнүн  аппаратынан   каттоодон   өткөрүлүп,  jumgal.kg веб- сайтына   жарыялансын  жана  Кыргыз  Республикасынын  ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик  реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына    жөнөтүлсүн.

3    Бул  токтомдун  аткарылышы жооптуу  катчы  А.Байбагышовага тапшырылсын.

 

Төрайым

 

Г. Калмаматова