Редакцияот 16.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин кезектеги 12-сессиясы

 

2015-жылдын 16-февралы № 5

      

            Жумгал  районунун  аймагында  таза  суу  боюнча  райондук  деңгээлде муниципалдык   ишкана  ачууга   макулдук берүү  жөнүндө 

Кызыл - Жылдыз   айыл   аймагынын   айыл   өкмөт   башчысы  Б. Кыдырмаевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңеши 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Жумгал   районунда  таза   суу  боюнча  райондук деңгээлде  муниципалдык ишкана ачууга  макулдук берилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн  аппаратынан  каттоодон  өткөрүлүп, jumgal.kg  веб - сайтына   жарыялансын    жана    Кыргыз    Республикасынын   Ченемдик укуктук     актыларынын    мамлекеттик    реестрине    киргизүү   үчүн   Нарын юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

3. Бул   токтомдун    аткарылышына    көмөк    көрсөтүү    жана    колдоо   жагын Кызыл - Жылдыз   айыл  өкмөт  башчысы   Б. Кыдырмаев  көзөмөлгө  алсын.

 

Төрайым

 

Г. Калмаматова