Редакцияот 16.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин кезектеги 12-сессиясы

 

2015-жылдын 16-февралы № 6

      

     Хоккей   боюнча  Жумгал    районунун    ачык    кубогуна   катышуу   үчүн  Кызыл-Жылдыз   айыл   аймагындагы  «Нураалы  Аке» командасына  каражат  бөлүп  берүү  жөнүндө                      

Кызыл-Жылдыз  айыл  аймагында  хоккей  боюнча  түзүлгөн  командага өтө  турган турнирге  катышуу  үчүн  материалдык  жактан  каржылоого  Кызыл-Жылдыз айыл  өкмөтүнүн  бюджетинен  каражат  бөлүп   берүү   үчүн   Кызыл-Жылдыз    айылдык Кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.   Хоккей  боюнча  Жумгал  районунун   ачык  кубогуна  Кызыл-Жылдыз айыл  аймагында  түзүлгөн  команданын    катышуучусуна    команданын  башчысы  Жолдошбек  уулу  Төлөнбекке   милдеттендирилсин.

2    Турнирге    катышуу    үчүн    материалдык   жактан   каржылоо  Кызыл-Жылдыз айыл   өкмөтүнүн  ФЭБ  башчысы  Ж. Саятчиновага  жүктөлсүн.

3.   Ушул   токтом   айыл  өкмөтүнүн  аппаратынан   каттоодон  өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына  жарыялансын   жана Кыргыз  Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын  мамлекеттик реестрине  киргизүү  үчүн Нарын юстиция башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4    Бул токтомдун  аткарылышына  көмөк  көрсөтүү  жана  колдоо  Кызыл-Жылдыз айыл   өкмөт   башчысы  Б. Кыдырмаевге   милдеттендирилсин.

 

Төрайым

 

Г. Калмаматова