Редакцияот 16.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жылдыз айылдык Кеңешинин кезектеги 12-сессиясы

 

2015-жылдын 16-февралы № 8

 

                       Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы жайыт  комитетинин бухгалтериясын текшерүү  жөнүндө           

Депутаттар  С. Сапарбаев, Т.Нусупов, М. Тултуковдордун   Кызыл-Жылдыз  жайыт  комитетинин  бухгалтериясын  текшерип  чыгуу   сунушун  угуп,  талкуулап  Кызыл-Жылдыз  айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1. Кызыл-Жылдыз  жайыт  комитетинин   бухгалтериясын  текшерип  чыгуу  үчүн  текшерүү   комиссиясынын  составына, төрагасы     К. Убайылдаев,    мүчөлөрү Ж.Тилекматова, Б.Жапаровалар  жана депутаттардан  С.Сапарбаев,Т.Нусупов М. Тултуковдор  киришсин.

2. Текшерүү    комиссиясын    бухгалтериялык    эсеп-кысап  документтери    менен  камсыздап   берүү   жагы   жайыт  комитетинин   бухгалтери   М. Жамантаевага  тапшырылсын.

 3.Ушул токтом  айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын  жана Кыргыз  Республикасынын  Ченемдик укуктук актыларынын  мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

4. Бул  токтомдун  аткарылышына  жайыт  комитетинин  төрагасы  Д. Омүрзаков  жооптуу  болсун.

 

Төрайым

 

Г. Калмаматова