Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы № 7/4
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Таш-Арык участкасындагы №1789 контурлуу айыл чарба багытындагы жер аянттарын башка багыттагы категорияга которуу(трансформациялоо) жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын каттосунда турган Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Таш-Арык участкасындагы №1789 контурлуу 61 (алтымыш бир)га айыл чарба багытындагы жер аянттары башка багыттагы категорияга которуу үчүн (трансформациялоо) Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2 Айыл чарба багытындагы жер аянттарын башка багыттагы категорияга которуу жөнүндөгү юридикалык документтерин бүткөрү жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго тапшырылсын.
3.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Айыл чарба багытындагы жер аянттарын башка багыттагы категорияга которуу, токтомдун аткарылышы боюнча тийиштүү чечимдерди чыгаруу жана аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин
Төрага | Б. Шурубеков
|
+