Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-январы № 7/5
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Таш участкасынын № 1139-контурунундагы 1га таштак жайыт жерин, Монолдор участкасынын № 2582-контурундагы 0,5га таштак бадалдуу жайыт жерин, Беш-Таш участкасынын № 2034-контурундагы 1га таштак жайыт жерин, «Алма Бак» участкасынан № 1779-контурундагы 1,5га таштак жайыт жерин, Байзак-Ата участкасынан № 1154-контурундагы 1га таштак жайыт жерлерин башка багыттагы категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Таш участкасынын №1139-контурунундагы 1га таштак жайыт жерин, Монолдор участкасынын №2582-контурундагы 0,5га таштак бадалдуу жайыт жерин, Беш-Таш участкасынын №2034-контурундагы 1га таштак жайыт жерин, «Алма Бак» участкасынан №1779-контурундагы 1,5га таштак жайыт жерин, Байзак-Ата участкасынан №1154-контурундагы 1га таштак жайыт жерлерин башка багыттагы категорияга которуу (трансформациялоо) жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал райондук каттоо башкармалыгынын каттоосунда турган Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Таш участкасынын № 1139-контурунундагы 1га таштак жайыт жерин, Монолдор участкасынын № 2582-контурундагы 0,5га таштак бадалдуу жайыт жерин,Беш-Таш усасткасынын № 2034-контурундагы 1га таштак жайыт жерин, «Алма Бак» участкасынан № 1779-контурундагы 1,5га таштак жайыт жерин,Байзак-Ата участкасынан № 1154-контурундагы 1га таштак жайыт жерлерин башка багыттагы категорияга которуу (трансформациялоо) Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2. Таштак жайыт жер аянттарын башка багыттагы категорияга которуу жөнүндөгү юридикалык документтерин бүткөрүү жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү ченемдерди чыгаруу жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Шурубеков
|
+