Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-майы № 8/1
ОсОО «Демилге Плюс ЛТД» ишканасына Кара-Кече көмүр участкасынан убактылуу жер тилкесин берүү жөнүндө
ОсОО «Демилге Плюс ЛТД» ишканасына Кара-Кече көмүр участкасынан убактылуу жер тилкесин берүү жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кече участкасындагы «Демилге Плюс ЛТД» көмүр казып иштетүүчү ишканасы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын № 108 15-апрель 1997-жылдагы буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агентствосу тарабынан берилген лицензия С-04-02 30-март 2008-жылга чейин жер тилкелери берилип көмүр казып иштеп келгендиги белгиленсин.
2. «Демилге Плюс ЛТД» ЖЧКсы участкасынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин кайрадан көмүр казып иштетүү үчүн 2014-жылдын 27-октябрында 3732СЕ (С-04-02) лицензиясын 2018-жылдын 31-августуна чейин убактылуу алгандыктан 2014-жылдын 27-октябырындагы № 4 лицензиясын макулдашууга ылайык андагы көрсөтүлгөн координаттардын негизинде аянты 6,0 гектар жер тилкесин иштетүү үчүн 2018-жылдын 31-августуна чейин убактылуу берилсин
3. «Демилге Плюс ЛТД» ЖЧКсы ыктыярдуу түрдө айыл өкмөтү менен бирдикте социалдык пакетти даярдашсын жана айылдык кеңештен бекитишсин.
4.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5 Бул токтомду аткаруу боюнча тийиштүү ченемдерди чыгаруу жана аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин
Төрага | Б. Шурубеков
|
+