Загрузка документа…
ТҮГӨЛ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-апрели № 1/7
2014-жылдын бюджетинен калган үнөмдөлгөн кирешенин чыгашадан ашкан акча каражатын (56636-48) бөлүштүрүү жөнүндө
Түгөл-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын бюджетинен калган үнөмдөлгөн акча каражаты боюнча колдонуу үчүн С.Медетов орто мектебине компьютер сатып алганга 30 миң 636 сом 48 тыйын, А.Садырбаев орто мектебине китепкананын ремонтуна курулуш материал алуу үчүн 10 миң сом, айылдык маданият үйүнүн айланасын тосуу үчүн 11 миң сом, СВАнын тегерегин тосуу үчүн тосмого 5000 сом бөлүнүп берилсин.
2. «Уруке» бала бакчасынын үнөмдөлгөн 44 миң 960 сомдон эмерек алуу үчүн 35 миң сом бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын контролдоо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Нусубалиевага жүктөлсүн.
Төрайым | Б. Касмалиева
|