БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-июлу № 2/1
Байзак айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине ылайык Байзак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизъъ үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин
Төрага | Б. Шурубеков
|