Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 58
Жумгал районунун аймагында таза суу боюнча райондук деңгээлде муниципалдык ишкана ачууга макулдук берүү тууралуу
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Болотбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Миң-Куш айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жумгал районунда таза суу боюнча райондук деңгээлде муниципалдык ишкана ачууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Миң-Куш тиричилик тейлөө ишканасынын директору Д.Б.Шералиевага жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Миң-Куш айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрайым | Д.Б. Шералиева
|