Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-марты № 36
Мин-Куш айылындагы балдар музыкалык мектебине “искусство мектеби” деген статус берүү жөнүндө
Миң-Куш айылындагы балдар музыкалык мектебин, Жумгал райондук культура бөлүмүнүн 28.02.2014 – жылдын чыгыш № 33 кайрылуу катына ылайык “искусство мектеби” деген статус берүү жөнүндө Миң-Куш айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Миң-Куш айыл аймагындагы балдар музыкалык мектебине “искусство мектеби” деген статус берилсин.
Манас таануу, акындык, көркөм өнөр, бий, вокал жана музыкалык адабият боюнча 4 (төрт) штат бирдиги талап кылынат.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Болотбековго тапшырылсын.
Төрайым | Д.Б. Шералиева
|