Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаӊы-Арык айылдык Кеӊешинин XXVI чакырылышынын I кезектеги сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 1/4
Жаңы-Арык айылындагы айыл жериндеги жумушсуз аялдарга колдоо көрсөтүү боюнча түзүлгөн «Тунгуч» айылдык фондунун Уставын бекитүү жѳнүндѳ
Жаңы-Арык айыл аймагындагы «Тунгуч» айылдык фондунун жамаатынын кайрылуусун карап жана Жаңы- Арык айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Арык айылындагы айыл жериндеги жумушсуз аялдарга колдоо корсотуу боюнча тузулген «Тунгуч» айылдык фондунун жамаатынын Уставы бекитилсин (Уставдын кочурмосу тиркелет).
2. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынын каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жаңы-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кадиевге милдеттендирилсин.
Тѳрайым: | Б.Жумаева |
| Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин I-кезектеги сессиясынын 18.03.2014-жылдагы №1/4 токтому менен бекитилген.
|
Жаны-Арык айылы, Жумгал району, Нарын дубаны.
1.1. «Тунгуч» айылдык фондунун ѳз ара жардамдашуу топторунун жамаатынын толук аталышы. Кыскартылып айтылышы «Тунгуч» АФ (мындан ары АФ)
1.2. АФ, ѳз ишин базар экономикасынын принциптери боюнча, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына укук актыларына жана ушул Уставга ылайык жүргүзѳт.
1.3. Жайгашкан жери: Нарын дубаны, Жумгал району, Жаны-Арык айылы
2.1. Жергиликтүү Кенеште мамлекеттик каттоодон ѳткѳн учурдан баштап, АФ юридикалык жак статусуна, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган ишмердүүлүктүн каалаган түрүн жүзѳгѳ ашырууда зарыл болгон жарандык укуктарга жана милдеттергем ээ болот.
2.2. АФ иш жүргүзүү мѳѳнѳтү чектелген эмес.
3.1. АФ мүчѳлѳрү ѳзүнүн экономикалык ѳз алдынчалыгын жана юридикалык жактын укуктарын сактап калышат.
3.2. АФ ѳз мүчѳлѳрүнѳ карата жогорку орган катары саналбайт.
3.3. Мүчѳлѳрүнѳ карата АФ, АФ жана мүчѳлѳр тарабынан ѳткѳрүлүп берилген ыйгарым укуктарга ээ болуп, ѳткѳрүлүп берилген иш-милдеттерди аткарат.
3.4. АФ мүчѳлѳрү тѳмѳндѳгүлѳргѳ укуктуу:
- Келишимде жана Уставда кѳрсѳтүлгѳн тартипте АФнын иштерин башкарууда катышууга;
- АФ тарабынан Кыргыз Республикасында жана чет ѳлкѳдѳ уюштурулган бардык иш-чараларга катышууга, ошондой эле АФнын тапшырмасы боюнча ар кандай коомдук, эл аралык, кайрымдуулук жана башка уюмдардын иштеринде анын атынан чыгууга;
- АФ нын жүргүзгѳн ишине байланыштуу бардык маселелер боюнча сунуштар жана сын-пикирлер АФнын органдары тарабынан талкууланышы үчүн кѳтѳрүп чыгууга;
- АФ нын кызыкчылыгын кѳздѳп, башкармалыктын тапшырмаларын жана башка иш-аракеттерди аткаруу үчүн АФнын каражаттарын пайдаланууга;
- АФнын жүргүзгѳн иши жана мүлкүнүн абалы тууралуу маалымат алууга;
- АФнын жетекчи жана башка органдары карап чыгуу үчүн ѳз сунуштарын киргизүүгѳ;
- АФ тарабынан кѳрсѳтүлгѳн кызматтарды пайдаланууга;
- Ѳз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында АФга жардам сурап кайрылууга;
- АФ нын ушул Уставында каралган тартипте АФда катышуудан баш тартууга;
- АФнын башкаруу органдарына шайланууда бирдей, тең укуктарга ээ болууга.
3.5. АФнын мүчѳлѳрү тѳмѳндѳгүлѳргѳ милдеттүү:
- АФнын ушул Уставынын жоболорун сактоого;
- АФнын башкаруу органдарынын чечимдерин аткарууга;
- Ѳз маалында кирүү жана мүчѳ акыларын тѳлѳп турууга;
- АФнын ишине байланыштуу маселелерди чечүүдѳ керек болгон маалыматты АФга берүүгѳ.
3.6 Ѳз милдеттерин мезгил-мезгили менен же талапка ылайык аткарбаган, ошондой эле ѳз иш-аракеттери менен АФнын жүргүзгѳн ишине жолтоо болгон АФнын мүчѳсү, башкармалыктын чечими менен анын курамынан чыгарылышы мүмкүн.
4.1 АФ ыктыярдуу коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
4.2 АФнын алдына койгон максаттары жана маселелери тѳмѳндѳгүдѳй:
- мамлекеттик бийлик органдары менен кызматташууну ѳнүктүрүү;
- үрѳн ѳстүрүүчү ѲЖТды (Ѳз ара жардамдашуу топтору) ѳнүктүрүүдѳ, АФнын мүчѳлѳрүн, айыл жашоочуларын сапаттуу үрѳндѳр менен камсыз кылууда жардам берүү;
- үрѳн ѳстүрүүчү ѲЖТ дын жана алардын мүчѳлѳрүнүн кызыкчылыктарын кѳздѳѳ жана коргоо;
- АФнын мүчѳлѳрүнѳ укуктук, маалыматтык жана башка кызматтарды кѳрсѳтүү;
- АФнын мүчѳлѳрүнүн аткарган иштерин жѳнгѳ салу;
- ѲЖТга зарыл болгон ѳндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны түзүүдѳ кызмат кѳрсѳтүү;
- Жүзѳгѳ ашырылып жаткан иштин кѳлѳмүн ѳнүктүрүүдѳ жана кеңейтүүдѳ ар тараптуу кѳмѳк кѳрсѳтүү, ошондой эле жүргүзгѳн иши АФнын максаттарына жана маселелерине шайкеш келген коомдук жана башка уюмдарды колдоо.
4.3 АФнын максаттарын жана маселелерин ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, мүчѳлѳр АФга тѳмѳндѳгү ыйгарым укуктарды жана иш милдеттерди ѳткѳрүп беришет:
- мүчѳлѳрдүн кызыкчылыктарын мамлекеттик жана башка органдарда коргоо;
- үрѳн ѳстүрүүчү ѲЖТдын иштеринде келип чыгуучу маселелерди жана кѳйгѳйлѳрдү иш жүзүндѳ изилдеп чыгуу жана аларды чечүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- мүчѳлѳрдүн материалдык жана каржы ресурстарынын бѳлүгүн биргелешкен капиталдык салымдарды жана башка максаттарды жүзѳгѳ ашыруу үчүн концентрациялоо;
- иштин бардык багыттары боюнча маалыматты камтыган маалымат базасын түзүү;
- алдыга коюлган максаттарды жана маселелерди жүзѳгѳ ашырууда зарыл болгон ыйгарым укуктар жана иш-милдеттер.
5.1 АФнын мүлкү мүчѳлѳр ѳткѳрүп берген мүлктѳн, алар тѳлѳгѳн кирүү жана мүчѳ акылар, максаттуу тѳгүмдѳр, ѳндүрүштүк-чарбалык иштен түшкѳн кирешелер жана башка булактардан куралат.
5.2 АФнын иштешин камсыз кылуу үчүн ар бир мүчѳ каттоодон ѳткѳн кийинки 10 күндѳн кечиктирбестен 100 сом кѳлѳмүндѳгү АФга кирүү акысын тѳлѳѳгѳ милдеттүү. Мүчѳ акылардын кѳлѳмү жана тартиби АФнын мүчѳлѳрүнүн биринчи жалпы жыйналышында аныкталат.
5.3 Кирүүдѳ же жаңы мүчѳлѳрдү кабыл алууда кирүү акысы (суммасы) 50 сомду түзѳт.
5.4 Белгиленген мѳѳнѳттѳ кирүү жана мүчѳ акыларын тѳлѳбѳгѳн мүчѳ, акынын суммасынын 20 % кѳлѳмүндѳ АФга жазапул тѳгѳт, ал сот тартибинде ѳндүрүлүшү мүмкүн.
5.5 Мүчѳлѳрдүн мезгилдик тѳгүмдѳрү АФнын уставдык максаттарын жана маселелерин жүзѳгѳ ашыруу жана башкаруу аппаратын камсыздоо үчүн колдонулат.
Мүчѳлѳрдүн максаттуу акылары белгилүү бир иш-чараларды жана программаларды каржылоого жана ишке ашырууга багытталат.
Мезгилдик жана максаттуу акылардын кѳлѳмү жана тѳлѳѳ тартиби АФнын мүчѳлѳрүнүн жалпы жыйналышында белгиленет.
5.6 Мүчѳлѳр ѳткѳрүп берген мүлк жана акча каражаттары, АФ алган кирешелер, ошону менен катар ѳзүнүн эсебинен сатылып алынган бардык нерселер АФнын менчиги болуп саналат.
ѲЖТ топтогон сактык аманаттарын каттап жана ѳзүнүн мүчѳлѳрүнѳ бѳлүштүрүүгѳ милдеттүү. Эсебин так жана убагында жүргүзүүгѳ АФнын казначысы милдеттүү.
«Тунгуч» фондунун лидери: | М.Туйтеева
|