Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 31-марты № 41
Достук айыл аймагынын 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга каралган бюджетин бекитγγ жɵнγндɵ
Достук айыл аймагынын 2014-жылдын бюджетинин аткарылышынын, Достук айыл аймагынын 2015-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бɵлγгγ 4090,7 мин сом экендигин айыл аймагынын бɵлγм башчысы Казыбек кызы Анаранын билдирγγсγн угуп жана талкуулап депутаттардын Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Достук айыл аймагынын 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча Казыбек кызы Анаранын отчету бекитилсин.
2. Достук айыл аймагынын 2015-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бɵлγгγ 4090,7 мин сом болуп бекитилсин.
Достук айыл аймагынын 2015-жылдагы бюджетинин киреше бɵлγгγ
- жергиликтγγ киреше 2616,6 мин сом
- тендештирилген грант 1329,1 мин сом
- атайын каражат 145,0 мин сом
Достук айыл аймагынын 2015-жылдагы бюджетинин чыгаша бɵлγгγ
Башкаруу аппаратына 3034,6 мин сом мунун ичинен 11 штат бар эмгек акысы
1762,5 мин сом. Маданият тармагына 273,2 мин сом, мунун ичинен 3 штат бар эмгек акысы 180,7 мин сом. Билим берγγ бɵлγмγнɵ 638,8 мин сом. Бала бакчага атайын каражатка 145,0 мин сом.
Достук айыл аймагынын 2016-2017-жылдарга жергиликтγγ бюджетинин негизги кɵрсɵткγчтɵрγнγн болжолу жактырылсын;
2016-жылга кирешелер боюнча болжол 4225,8 мин сом суммасында 2017-жылга 4 418,8 мин сом суммасында
2016-жылга чыгашалар боюнча болжол 4225,8 мин сом суммасында 2017-жылга 4 418,8 мин сом суммасында жактырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы айыл аймагынын башчысы Т. Абдырасуловго айылдык кеңештин депутаттарына, туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын бɵлγм башчысы Казыбек кызы Анарага тапшырылсын.
Төрага | Ж. Божокоев |