Редакцияот 27.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2015-жылдын 27-марты № 2/2

Тарифтерди бекитүү жөнүндө

Айыл аймагындагы айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга, мал багуу акыларын жана башка чарбалык иштердин кызмат акыларын бекитүү максатында Ак-Кудук айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл калкынын жазгы айдап-себүү иштерин жүргүзүүгө карата айылдагы техника ээлеринин жана  мал багуучулар менен жалпы жыйналышта түзмө - түз сүйлөшүүнүн негизинде макулдашылган баа боюнча айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга кызмат акылары төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин.

 

№

Жерди иштетүүнүн түрлөрү

1 га үчүн сом менен

ГСМ

ДТ-75

1

Жер айдоо аныз жер

800

20

30

2

Жер айдоо беде чым жер

1000

20

30

3

Тырмоо

300

10

 

4

Себүү

400

10

 

5

Шакап тартуу

50

2

 

6

Кара сугат

1000

 

 

7

Беде,дын жер сугаты,дан сугат

700

 

 

8

Чөп чабуу жатка

1000

10-15

 

9

Чөп чабуу (косилка)

700

10

 

10

Чөп тырмоо

300

5

 

11

Тартуу

300-400

5-25

 

12

Эгин чабуу

1700

20

 

13

Эгин тартуу

300-400

5-25

 

14

Чөп тангактоо 1шт

8

10

 

 

     мал багуу акылары : Кой,эчки бир башка бир айга- 30 сом Бодо мал бир башка бир айга – 200 сом.

 

     2. Жазгы корук иштери 2015-жылдын 1-майынан тарта башталып, 1-октябрга чейин жүргүзүлөт.Мөөнөтүнөн мурда көчүп келген мал багуучуларга жеринде барып, акт түзүп, административдик жаза колдонулууга укук коргоо органдарына материалдарды өткөрүлүп берилсин.

     3. Мал багуучулардын график боюнча көчүп кону иштерин көзөмөлгө алуу, эрте көчүп келген малчыларга карата жаза колдонуу аракеттерин Ак-Кудук айы өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жана айыл башчылар,кураторлор иш алып барышсын.

     4. Корук учурунда корук аянттарына кирген малга мал ээсине төмөндөгүдөй тартипте кароолчулар айып алышсын:

Кой-эчкилерге ар бир башка 20 сомдон, жылкы,уй эшекке ар бир башка 100 сомдон ал эми эгин бышы орула элек маалда же болбосо өсүп турган чөпкө кирген маалда 2 эселенген тартипте айып салынсын. Камакка түшкөн малдын ээсине кароолчу билдиргенден кийин мал ээси малын чыгарып кетпей малы зыян тартса кароолчулар жооп бербейт.                                                                                                                                                 6. Суу бөлүштүрүүчү мураптарга ар бир гектарына тейлеп берген акысы үчүн 70 сомдон акы алышсын.Сууну сурабай өз билемдиги менен жыгып алган атуулдарга күбөлөрдүн катышуусу менен акт түзүп,1500 сомго чейин айып салынсын. Айып төлөбөсө кайра суу берилбесин.

     7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

З. Алдакеев