Редакцияот 27.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2015-жылдын 27-марты № 2/3

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы пландан ашык түшкөн акча каражатын кароо  жөнүндө

Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы пландан ашык 144133 сом түшкөн акча каражатынын жергиликтүү кеңештин сессиясында карап чыгып, талкуулап, Ак-Кудук айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы пландан ашык түшкөн 144133 сом акча каражаты төмөндөгү багыттар боюнча каржыланып берилсин:

- маданият бөлүмүнө музыкалык жабдууларды алууга 23 200 сом

- майрам өткөзүүгө 10583 сом

- Ак-Кудук айылынын каналдарын ондоого 12000 сом

- Жеништин 70 жылдыгына карата мемориалдык эстелигин жасатуу, эстеликти орнотуу, парктын тегерегин тосуу 63 000

- айыл өкмөтүнүн чарба китептерин сатып алууга 4350 сом

- соц коргоо 18000 сом (афган согушунун катышуучусуна 1000 сом, 7- апрель баатырларына 2000 сом, энелер күнүнүн өткөрүүгө 15000 сом)

-8-Март айылынын каналдарын ремонттоого 5000 сом

-кызматтык автоунаанын тетиктерин алууга 4000 сом

- кызматтык автоунаанын күйүүчү майына 4000 сом.

Баардыгы: 144 133 сом

2. Бул токтомду аткаруу Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдунаткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

З. Алдакеев