Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-майы № 14/96
Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-статьясынын 6-пунктуна ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынан айыл өкмөтү боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин.
Кайрак айдоо -1,0 га -40 сом
Чабындылар -1,0 га -30 сомдон бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштарга киргизилген айыл чарба жерлери үчүн айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдө ошол район үчүн жер салыгынын базалык ставкасынын 50 пайыз өлчөмүндө жеңилдик белгиленгени эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл аймагынан айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымалиевге милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |