Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 15/102
2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 50-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык айылдардагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштери боюнча Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин отчетун угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында жасалган иштери боюнча Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Касымалиевдин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2015-2017-жылдардын мезгилинде туруктуу өнүктүрүү «Жол картасынын» аткарылышы боюнча кечиктирилгиз иш алып баруу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин экономикалык саясат жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |