Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 15/103
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесине ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп «Кочкор кей джи» веб-сайытына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |