КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин V шайланган 14-сессиясы
2014-жылдын 3-марты № 71
Айылдык Кеңешинин атайын каражатын бекитүү жөнүндөгү маселени финансы-экономика боюнча комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга Кароол айылдык кеңешинин атайын каражатынын кирешелери, чыгашалары боюнча 10,0 миң сом суммасында бекитилсин.
2. 2014-жылга айылдык кеңештин атайын каражаттынын кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттары аныкталсын. Айылдык кеңештин атайын каражаты чыгаша бөлүгү 2014-жылы түшкөн кирешелердин чегинде каржылануусу белгиленсин.
3. 2014-жылдын 1-январына карата атайын каражат боюнча кассада жүргүзүлүүчү нак акча 5000сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жергиликтүү атайын каражаттын аткарылышын жарым жылда сессияда угуп туруу айылдык кеңештин төрагасына жүктөлсүн.
5. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Т. Акматалиев |