Редакцияот 30.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XV  сессиясы

 

2015-жылдын 30-июну № 15/106

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө

     Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарга берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу келечек планы бектилсин. (тиркеме тиркелет).

     2. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы келечек пландын аткаруу менен айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери үчүн ижара акыдан каражаттардын түшүсү жана пайдаланышы тууралуу жыл сайын отчет берсин.

     3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге тапшырылсын.

 

Төрага

Б.К. Элтуйбасов