Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 30-июну № 15/107
Сары-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
1. Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы түзүлүп, курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин.
1. Элтуйбасов Ырысбек Айдарович
2. Карыбеков Айбек Адылбекович
3. Сарапбек уулу Арстанбек
2. Регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясы түзүлүп, курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин.
1. Элтуйбасов Таалайбек Айдарович
2. Жумабеков Кубанычбек Дүйшөналиевич
3. Алиев Элдияр Майрамбекович
3.Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы түзүлүп, курамына төмөндөгү депутаттар киргизилсин.
1. Супабаев Таалайбек Курманович
2. Кыдырмаев Мелс Асанбекович
3. Дүйшөнбиев Ырысбек Чычканбаевич
2. Туруктуу комиссиялар айыл аймагынын айылдык кеңешининин иш планына ылайык өздөрүнүн иш пландарын иштеп чыгышсын жана анын аткарылышын камсыз кылышсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |