Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-октябры № 2
Суу түтүк менен сууну берүү, жаман сууларды кабыл алуу жана тазалоо тарифинин көтөрүлүшү жөнүндө
«ЭЖЖСКК» ӨБ директору С.В. Мельниковдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган "Суу түтүк менен сууну берүү, жаман сууларды кабыл алуу жана тазалоо тарифинин көтөрүлүшү жөнүндө" маалыматын угуп, бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча; өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиялардын биргелешкен чечиминин негиздеринде, Кара-Балта шаардык кеңештин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. ЭЖЖСКК» ӨБ директору С.В. Мельниковдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган "Суу түтүк менен сууну берүү, жаман сууларды кабыл алуу жана тазалоо тарифинин көтөрүлүшү жөнүндө" маалыматын угуп, бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча; өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиялардын биргелешкен чечими эске алынсын.
2. 2015-жылдын 1 октябрынан тартып суу түтүк менен сууну берүү, жаман сууларды кабыл алуу жана тазалоо тарифин № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Суу түтүк менен сууну берүү, жаман сууларды кабыл алуу жана тазалоо тарифин, Коммунистическая көч., 12 үй дарегинде жайгашкан “Саламат” карылар пансионуна мурунку баа боюнча калтыруу.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча; өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясыяларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Б. Суюмбаев |
| № 1 Тиркеме Бекитем Кара-Балта шаардык кенештин төрагасы _______________ Т.Б.Суюмбаев « 16 » октябрь 2015ж.
|
Аталышы | Ченем бирдиги | Тариф (салык каттосуз) |
Калк | сом 1 м3 | 6,2 |
Бюджеттик жана башка уюмдар | сом 1 м3 | 16,25 |
Аталышы | Ченем бирдиги | Тариф (салык каттоосуз) |
Калк | сом 1 м3 | 6,7 |
Бюджеттик жана башка уюмдар | сом 1 м3 | 15,7 |