Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-октябры № 101/XXVII-1
Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттык өкүлчүлүгүн мөөнөткө чейин жыйыштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013 - жылдын жалган куран айынын 14 - дөгү №16, жетинин айынын 16 - дагы №192 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” Мыйзамынын 2 пунктунун, 2 абзацынын, 24 беренесинин негизинде Осмонов А.Н. башкы муниципалдык кызматка өтүшүнө байланыштуу “Депутаттык өкүлчүлүгүн мөөнөтүнө чейин жыйыштыруу жөнүндө” арызын карап-талкуулап, Кайынды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Замандаш” саясый партиясынан шайланган Осмонов А.Н. арызына макулдук берилсин.
2. “Замандаш” саясый партиясынан шайланган Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Осмонов А.Н. аныктамасынын кыймылы жана төш белгисинин кыймылы токтотулсун.
3. Панфилов районунун аймактык шайлоо комиссиясынын алдында Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттар курамына “Замандаш” саясый партиясынын тизме боюнча кийинки талапкер киргизилишин өтүнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |