Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-июлу № 1
Депутат Мамасыдыков Алтынбек Усеновичтин арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 22-бер. 1-бөл, 24-бер. 3-бөл, “Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндөгү” мыйзамынын 5-бер. 1-бөл. талаптарына ылайык Ак-Таш айылдык кеңешинин № 5204 10 мандаттуу Жылкелди шайлоо участкасынан депутат Мамасыдыков Алтынбек Усеновичтин айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык мандатынан ажыратууу жөнүндө сурап жазган арызын канааттандыруу максатында Ак-Таш айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Таш айылдык кеңешинин № 5204 10 мандаттуу Жылкелди шайлоо участкасынан депутат Мамасыдыков Алтынбек Усеновичтин айыл өкмөт башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык мандатынан ажыратууу жөнүндө сурап жазган арызын канаттандырылсын жана мөөнөтүнөн мурда депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.
2. № 5204 10 мандаттуу Жылкелди шайлоо участкасынан кийинки көп добуш алган талапкерге мандат берүү жагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Кадыров |