Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-июлу № 1
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Депутаттар Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесиннин, Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 17-июлундагы «Ак-Таш жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү» Протоколун карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесининин талаптарына ылайык Ак-Таш айыл окмотунун башчысын шайлоо боюнча 2013-жылдын 17-июлундагы өткөрүлгөн шайлоо мыйзамдардын талаптарын сактоо менен ачык жана таза өткөрүлдү деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 49-беренесининин, Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 17-июлундагы «Ак-Таш жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү» жана «Ак-Таш жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү» Протоколдорунун негизинде шайлоодо добуштардын зарыл болгон санын алган айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкер Мамасыдыков Алтынбек Усенович айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына шайланды деп эсептелсин.
3. Шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдун 1 нускасы Борбордук Шайлоо комиссиясына жана БШКнын сайтына жайгаштыруу үчүн, экинчи нускасы райондук аймактык шайлоо комиссиясына сактоо үчүн, көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жөнөтүлсүн жана добуш берүүчү жайдагы бардык катышуучуларга алардын талаптары боюнча берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
М. Кадыров |