Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-июлу № 2
Ак-Таш айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын Жобосун бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары кеңештин катчысы Э.Алдыраковдун “Жергиликтүү кенештердин туруктуу комиссияларынын Жобосу” жөнүндөгү билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, Ак-Таш айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Айылдык кеңештин катчысы Э.Алдыраковдун “Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын Жобосу” жөнүндөгү билдирүүсүнө ылайык “ Жергиликтуу кенештердин туруктуу комиссияларынын Жобосу” бекитилсин.
2. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларыньн төрагаларына комиссиянын иштерин жөнгө салууда жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алышсын жана комиссиянын иш пландарын жобонун талаптарына ылайык иштеп чыгышсын.
Төрага |
М. Кадыров |