Загрузка документа…
АК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-июлу № 3
«Ак-Таш Таза-Суу» ИСКАКБ сынын өтүнүчүн канаттандыруу жөнүндө
Бүгүнкү күндө коомчулукта элдердин таза сууга болгон салкын мамилесинен улам ушул күнгө чейин ысырапкерчиликти кыскартууга багытталган иш аракеттер натыйжа бербей таза сууга болгон таңкыстык күндөн-күнгө күч алып жаткандыгын эске алып «Ак-Таш Таза-Суу» ИСКАКБсынын өтүнүчүн канаттандыруу максатында Ак-Таш айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Таза-Сууга болгон тарифтер Ак-Таш айыл аймагы боюнча жан башына 1-сентябрь 2014-жылдан тартып үйдон ичкендерге 25 (жыйырма беш) сомдон, көчөдөн ичкендерге 10 (он) сомдон бекитилсин.
2. Бир үйгө экиден тартылып кирилген таза суу түтүкчөлөрүнун бироону кыркуу менен аларга 1 000 (бир мин) сомдон 2 000 (эки мин) сомго чейин штраф салынсын.
3.Таза суу түтүкчөлөрүн көчөдөгү колонкадан алыстыгы 120 метрден ашпаса таза суу түтүкчөсүн үй ичине орнотууга тыюу салынсын.
4.Тамарка суугарып, таза суу түтүкчөсүнө насос орнотуп орой мамиле жасоо менен көп жылдар боюу акчасын төлөбөй келген үй-бүлөлөргө 1 000 (бир мин) сомдон 2 000 (эки мин) сомго чейин штраф салуу менен убактылуу бир айга таза сууберуу токтотулсун.
5.Стандартка туура келбеген чон өлчөмдөгү суу тутуктору менен үй ичине алып кирген үй-бүлөлөргө 1 000 (бир мин) сомдон 2 000 (эки мин) сомго чейин штраф салуу менен аларды өз өлчөмүндөгү суу тутуктору менен алмаштыруу;
- таза сууну эң көп өлчөмдө пайдаланган унаа жуучу жайлар, мончолор, ашканалар жана жеке менчик дарылоо борборлору оздорунунэ себинен суу эсептегич койдуруу;
-«Ак-Таш Таза-Суу» (СООПВ) коомдук бирикмесинин жетекчиси К.Досматовко токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, анны иш жузуно ашыруу менен озунун милдеттерин так аткаруу, элди таза суу менен толук камсыз кылуу, жеткирип беру жагы милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
К. Орунбаев |