Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-декабры №13/1
Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматы, айыл өкмөтүндөгү иштеген кызматкерлердин, айыл башчылардын (корук, сугат суусу, жашылдандыруу-көрктөндүрүү, колонкалардын иштеши, айылдык кеңештин кабыл алган токтомунда көрсөтүлгөн ставкалардан сакталышы, көчүп- конуу маселелери боюнча ыкчам иштерди жүргүзүү) отчеттору, аксакалдар сотунун төрагасынын, жайыт комитетинин торагасынын, байланыш бөлүмүнүн башчысынын, мектеп директорлорунун жана маданият үйүнүн кызматкерлеринин жыл ичинде аткарган иштеринин маалыматын угуу жөнүндө
Бул маселелер боюнча тиешелүү кызматкерлердин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксакалдар сотунун курамындагы алты жылдан жогору иштеген мучолорун алмаштыруу жагы каралсын;
2. Электроэнергиясы боюнча Н.Асылов жылына бир жолу абоненттерге берилуучу 352 сом тизмени ачык айкын маалымат тактасына илип коюу тапшырылсын;
3. Соц. адис И.Орозбаева пособие чектее боюнча кетирген кемчиликтери боюнча тизмени тактап, уч айдын ичинде маалымат беруу жагы милдеттендирилсин жана пособие чектоо, гумжардам беруу комиссиялары курамын жаныртылсын жана маалымат тактасына илинип коюлсун;
4. Жайыт комитетинин торагасы Р.Маарасулов туризм боюнча иштеген адамдардын аты-жонун маалымат тактасына илип коюу, О!, Мегаком уюлдук компанияларынан тушкон акчасын айыл ичинин инфраструктурасын ондоого жумшоо жагы каралсын (О! компаниясынан 35 мин сом, Мегаком компаниясынан тушкон 25 мин сом налогко которулуп кеткен). Жайыт акысын, чабынды акысын толобогондордун тизмеси маалымат тактасына илинсин;
5. Айыл башчыларына иш кагаздары менен иштоо жагы колго алынып, жооптуу катчы тарабынан козомолго алынсын;
6. Ар бир айыл башчы озунун айылындагы ФПСтин жерин (суу баскан, кайрак), трансформация боло элек турак жай салуу учун берилген участокторду жер адиси, салык инспектору менен бирге тактап чыгышсын (ФПС тин жерин канча жылдан бери пайдаланып журушот канча акча токкон, токпогендер кимдер, аукцион болду беле, болсо качан? Мооноту 2014-жылдын I-сессиясына чейин);
7. Байланыш болуму боюнча пенсияны айдын аягында берилип жаткандыктан, графикти кайра карап чыгуу боюнча райондун акими А.Исагуловго, райондук байланыш болумунун башчысы Н.Исмаиловага кат жонотулсун. Кат жазып жонотуу жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин;
8. Жалпы Айыл окмотунун кызматкерлеринин 6 айлык ишинин жыйынтыгы канааттандырарлык деп табылсын (Себептуу жумуштары болуп келе албай калган томонку адистер: Т.Султанкадыров, К.Коктаев, Т.Акшарова, С.Сманова, А.Абдрахманов, К.Саралаев, А.Айдыралиев кийинки сессияда отчеттору угулсун);
9. Мектеп директорлорунун финансылык жактан толук маалымат берилбегендиктен, кийин сессияга каралсын;
10. 101 тонна комур жараксыз деп табылганына карабастан жарды, багар-корорлору жок уй-булолорго таратылып кеткендиктен, райондун администрация башчысы-аким А.Исагуловго кайрылуу жиберилсин. Кайрылууну жазып жеткируу жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин;
11. Айыл окмотунун башчысынын иштеген иши боюнча маалыматы канааттандырарлык деп белгиленсин. Бир жылдык отчету 2014-жылдагы I-сессияда каралсын.
Төрайым | Б.Жумаева |