Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-апрели №1
Күн тартибиндеги маселе:
4118 шайлоо участкасынан шайланган депутат Абдыкадыров Русландын депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутат Абдыкадыров Русландын өз арызынын негизинде депутаттык мандаты токтотулсун.
2. 4118-шайлоо участкасынан, шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган кийинки талапкерди каттоо жагы Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Бөдөшбеков |
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы | Т.Исраилова |