Редакцияот 23.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышынын) кезексиз  XII сессиясы

 

 

2013-жылдын 23-апрели № 8                                                             

Күн тартибинде каралуучу маселе:

 

А/Ө сектор башчы А.Акматовдун берген маалыматын угуп, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап                                      

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл өкмөтүнө караштуу аялдамаларды тактап, аукцион өткөрүүгө иш кагаздарын даярдап, аукцион өткөрүлсүн. Бул иш чара тууралуу маалыматты берүү жагы кийинки сессияда А/Ө сектор башчысы А.Акматовго тапшырылсын.

2. Чаек айыл өкмөтүнө жер сурап кайрылган жарандар тууралуу маалыматты тез аранын ичинде кагаз жүзүндө берүү жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Ибраимовго, Чаек айыл өкмөтүнүн сектор башчысы А.Акматовдорго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Бөдөшбеков

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы

Т.Исраилова