ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышынын) кезексиз XII сессиясы
2013-жылдын 23-апрели № 9
Күн тартибиндеги депутаттардын Чаек айылдык Кеңешине ар кандай чыгымдарга деп бөлүнгөн акча каражаттары боюнча кайрылуусу жөнүндө, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Беш-Терек, Кызыл-Жылдыз көпүрөсүн оңдоп түзөөгө, 50 000 (элүү мин) сом каралсын.
2. Чаек айылынын ардактуу атуулдарына, төш белги, китепче, ленталарды жазатыш үчүн 50 000 (элүү миң) сом каралсын
3. Чаек айылдык Кенешинин атынан спорт оюндарын өткөрүүгө диплом, кубок, медалдарды камсыз кылуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом каралсын.
4. Бул каралган акча каражаты бөлөк багытка жумшалбасын.
5 .Бул бөлүнгөн акча каражатын көзөмөлдөө жана которуп берүү финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча комиссиясына, Чаек айыл өкмөтүнүн башкы эсепчисине милдеттендирилсин.
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Бөдөшбеков |
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы | Т.Исраилова |