ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясы
2013-жылдын 3-июлу № 12
Күн тартибиндеги маселе:
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XII-сессиясында чыккан 6-8 токтомдун аткарылышы тууралуу, Чаек айыл өкмөтүнүн сектор башчысы А. Акматовдун маалыматын Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн сектор башчысы Акматов Азимкандын өз ишине шалаакы жана жоопкерчиликсиз мамиле жасагандыгы үчүн, 2013-жылы 23-апрелиндеги XII-сессиядагы чыккан 6-токтомду, 8-токтомду аткарууга албагандыгын баса белгилеп, кызмат абалын чечүү жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.(6, 8 токтомдор тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы административдик комиссиянын төрагасы К. Шалбаевге тапшырылсын.
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Бөдөшбеков |
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы | Т.Исраилова |