ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI чакырылышынын) кезексиз XIII сессиясы
2013-жылдын 3-июлу № 13
Күн тартибиндеги маселе:
Чаек айыл өкмөтүнүн карамагындагы суу чарба ишканасынын Жобосун иштеп, мөөрүн жасатыш үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн карамагындагы суу чарба ишканасынын Жобосун иштеп жана мөөрүн жасатыш үчүн ЛАРКка 18000 (он сегиз миң) сом акча каражаты которулсун.
2. Бул токтомду көзөмөлдүк кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Бөдөшбеков |
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы | Т.Исраилова |