Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-сентябры №2
Күн тартибиндеги Чаек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланган орто мектептердин, бала бакчалардын, балдар үйүнүн 2012-жылы оңдоо жана чарбалык иштерине бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышы жөнүндө, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл-өкмөтү мекемесинин башкы эсепчиси Г. Карымшаковага тогуз айдын жыйынтыгы менен тендер жөнүндө, айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү авто унааларга кеткен күйүүчү, майлоочу майга жана авто унааларга салынган тетиктерге канча акча каражаты сарпталганы боюнча, тогуз айда бюджеттин аткарылышы жана киреше-чыгаша тууралуу ар бир статья боюнча толук маалымат, берүү жагы милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн киреше-чыгша боюнча маалыматтары толугу менен айыл өкмөтүнүн тактасына илүү жагы башкы эсепчи Г. Карымшаковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Өмүровго милдеттендирилсин.
Чаек айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Бөдөшбеков |
|
|