Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-сентябры №1
Күн тартибиндеги маселе:
Күн тартибиндеги Чаек ЖОН-СПАсынын экинчи ички чарбалык сугат долбоорунун эсебинен техникалык кредит-эксковатор алууга кепилдик берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек ЖОН-СПАсынын экинчи чарбалык сугат долбоорунун эсебинен техникалык кредит-эксковатор алууга Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мекемеси кепил болууга макулдук берилсин.
2. Техникалык кредитти-эксковатордун келишимдин негизинде кайтарууга кепилдик берилсин.
3. Эгерде өз убагында кредитти кайтаруу мөөнөтүнөн кечиктирилсе кайтарым суммасын айыл өкмөтүнүн бюджетинде кароо жана айыл өкмөтү тарабынан кайтаруу белгиленсин.
4. Кайтаруу келишимине кол коюу Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы К. Ибраимовго ыйгарым укук берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Чаек айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Бөдөшбеков |
|
|