Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-ноябры № 2
Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ибраимов Касымбектин 2013-жылдагы тогуз айда жазаган иштери боюнча маалымат (отчету) жөнүндө
Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ибраимов Касымбектин 2013-жылдагы тогуз айда жазаган иштери боюнча маалымат (отчетун) Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимов Касымбектин 2013-жылдын тогуз айында жазаган иштери боюнча маалыматы (отчету) каннаттандырылбайт деп табылсын.
2. Чаек айыл аймагынын аймактык Кеңешинин 17 депутатынын добушунун негизинде Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимов Касымбекке Чаек айыл аймагынын айылдык Кенеши тарабынан ишенбестик билдирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлу № 101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 49- беренесинин 7-бөлүмүнүн 9-пунктунун негизинде Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимов Касымбекти кызматтан бошотуу жагы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы А. И. Исагуловтон суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Чаек айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Бөдөшбеков |
|
|