Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-ноябры № 3
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин Чаек айылындагы Таттыбүбү атындагы ыр-бий ансамблинин жетекчиси З. Токомбаевдин, Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгын өткөрүү жөнүндөгү кайрылуусу жана Чаек айылындагы «Жумгал-Шортон» командасын хоккей турнирин өткөрүү үчүн Бишкек шаарына хоккей оюнчуларын жөнөтүү боюнча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ссесиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылындагы Таттыбүбү атындагы ыр-бий ансамблинин жетекчиси З. Токомбаевдин Т. Турсунбаевананы 70 жылдыгын өткөрүү боюнча кайрылуусу жана Чаек айылындагы «Жумгал-Шортон» командасын хоккей турнирин өткөрүү үчүн Бишкек шаарына жөнөтүү боюнча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын 15-ноябрь 2013-жылдагы № 1514 чыгыш катынын сунушу канааттандырылсын.
2. Чаек айылындагы Таттыбүбү атындагы ыр-бий ансамблинин жетекчиси
З. Токомбаевге Т. Турсунбаеванын 70 жылдыгын өткөрүү үчүн 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты жана Чаек айылындагы «Жумгал-Шортон» командасын хоккей турнирин өткөрүү учун Бишкек шаарына жөнөтүү үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты баардыгы 45 (кырк беш миң) сом акча каражаты, Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Чаек айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Бөдөшбеков |
|
|