Загрузка документа…
КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-майы № 3
Айыл өкмөттүн ветеринар адиси Ж.Качкыналиевдин малды эмдөөгө карата «Бел-Кара-Суу» өндүрүштүк кооперативи аркылуу вакцина менен айыл аймагын камсыз кылууга карата кайрылуусун карап, талкуулап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малды эмдөөгө, жугуштуу ооруларга карата мамлекеттен акча каражаты каралбагандыктан облустук өнүктүрүү фонду аркылуу берилүүчү акча каражаты айыл аймагындагы малды эмдөөгө вакцина үчүн «Бел-Кара-Суу» өндүрүштүк кооперативине ишеним көрсөтүлсүн.
2. Малды эмдөөдө вакцина үчүн келген акча каражатын туура, максаттуу пайдалануу жагы вет.адис Ж.Качкыналиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Таштановго тапшырылсын.
Төрага
| М. Карагулов |