Редакцияот 17.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Коюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 11-сессиясы

 

2015-жылдын 17-августу № 2

     Кара-Булуң айылынын А. Искендеров орто мектебинин жаңы курулган спорт залына наам ыйгаруу максатында, А. Искендеров орто мектебинин коллективинин жалпы чогулушунун протоколун карап, талкуулап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши

                             ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кара-Булуң айылынын А.Искендеров орто мектебинин жаңы курулган спорт залына Ишенов Тилектин наамы ыйгарылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А. Искендеров мектебинин директору М. Казаковго тапшырылсын.

 

Төрага

 

М. Карагулов