Редакцияот 13.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз   38-сессиясы

 

2015-жылдын 13-майы № 38/2

 Кадамжай шаардык мэриясынын 2016-2017-2018-   жылдардын бюджетинин божомолдуу  планын бекитүү жөнүндө

     Кадамжай шаардык кеңеши мэриянын 2016-2017-2018- жылга тузулгон бюджетинин болжомолду планын бекитүү жөнүндө каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы М.Жумаматовдун 2016-2017-2018- жылдарга болжолдуу план «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Республикалык бюджеттери жөнүндө № 371 4» мыйзамдардын негизинде тузулуп, сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин жана каржы, бюджет жана плдандоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде

Т О К Т О М  К Ы Л А Т:

     1. Кадамжай шаарынын  2016-жылгы бюджетинин киреше бөлүгүн 55833,7 мин сом, 2017-жылга-59333,8 мин сом, 2018-жылга -62366,2 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.

     2. Кадамжай шаарынын  2016-2017-2018-жылдарга киреше бөлүгүнүн  болжолдуу планы  №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. (№1 тиркеме тиркелет)

     3. 2016-2017-2018-жылдарга Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинен каржылануучу мекеме-ишканалардын жылдык бюджети №2 тиркемеге ылайык аныкталсын . (№2 тиркеме тиркелет)

     4. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Т. Бегалиев