Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-майы № 38/3
Кадамжай шаарынын Чал-Таш айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз-алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, шаардык кеңештин жер, транспорт жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын ААК “КСК”нын обьектиси болгон маслопромду мэриянын балансына өткөрүп, социалдык обьекттерди куруу жөнүндөгү сунушун эске алуу менен
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кадамжай шаардык мэриясына ААК “КСК”нын балансында турган маслопромду өз ара эсептешүү жолу менен мэриянын карамагына өткөрүү үчүн иш алып баруу жагы тапшырылсын.
2. Кадамжай шаарынын тургундары үчүн курулуучу социалдык обьекттин долбоорун 2015-жылдын үчүнчү кварталында иштеп чыгуу жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешти жер, транспорт жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
| Т. Бегалиев |