Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-июлу № 40/3
Кадамжай шаарындагы Кара-Жантак айылынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 14-беренесинин 2-пунктунун жана шаардык мэриянын 2015-жылдын 2-июнундагы № 225, 224 номерлери менен кириштелген каттарынын негизинде, шаардык кеңештин жер, транспорт жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы Кара-Жантак айылында турак жай үчүн өздөштүрүлгөн 100 га жердин башкы планы бекитилсин (башкы план тиркелет).
2. Башкы планга ылайык жер тилкелери 0,08 га өлчөмүндө берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кеңешинин жер, транспорт жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
ТөрТөрага
| Т. Бегалиев |