КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 40- сессиясы
2015-жылдын 7-июлу № 40/8
Кадамжай шаарындагы асфальт болбогон жолдорду асфальтоо жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз-алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 18-беренесинин 6-пунктунун, 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы №260 буйругуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы асфальт болбогон көчөлөрүндөгү жол астынан өткөн ирригациялык түтүкчөлөрүн, электр жана башка чубалгыларын оңдоп түзөө жана асфальтоону уюштуруу жагы шаардын мэри Т.Камбаровко сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кадамжай шаардык кеңешинин жер, транспорт жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
ТөрТөрага
| Т. Бегалиев |