Редакцияот 28.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылыш 

кезектеги XXVIII сессия  

 

2015-жылдын 28-октябры № 4

Жалал-Абад шаарындагы №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын артында жайгашкан эскилиги жеткен курулуштуу бузууга уруксат берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 30.09.2015-жылдагы чыг.1224-сандуу каттын негизинде, шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XXVIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарындагы №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын артында жайгашкан эскилиги жеткен курулуштуу бузууга жана жарактуу курулуш материалдарын №1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын тосууга уруксат берилсин.

2. Курулушту бузууну көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б.Джусупбеков) милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы Б.Беркбаевага милдетендирилсин.

 4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып    күчүнө кирет.

 

ТөрТөрага

 

Э. Ормоков