Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыш
кезектеги XXVIII сессия
2015-жылдын 28-октябры № 5
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигидеги кызматтык батир жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Турак-Жай Кодексинин 56-беренесинин 1-пункту, 58-беренесинин 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 29.07.2015-жылдагы чыг.№1039-сандуу катынын негизинде, шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XXVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын муниниципалдык менчигиндеги Жалал-Абад шаарынын Энергетик көчөсүнүн № 3-үйдүн 10-кызматтык батиринин статусун өзгөртүү жагы шаар мэриясына сунушталсын.
2. Жалал-Абад шаарынын муниниципалдык менчигиндеги Жалал-Абад шаарынын Энергетика көчөсүнүн № 3-үйдүн 10-кызматтык батиринин статусу өзгөртүлгөндөн кийин мэриянын кызматкери М.Мустапакулованын жеке менчигине өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б. Джусупбеков) кызматтык батирди мыйзам чегинде М.Мустапакулованын жеке менчигине өткөрүп берүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекеттик реестрге кигизүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы Б.Беркбаевага милдетендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
ТөрТөрага
| Э. Ормоков |